Маалыматка караганда, 30-31-август күндөрү өтө турган чемпионатка 60 өлкөдөн 200дөн ашык спортчу катышат деп күтүлүүдө. Мелдештер тогуз салмак категориясы (үчөө кыз-келиндер, алтоо эркектер) боюнча өткөрүлөт.
Чемпионаттын жалпы байге фонду 400 миң долларды түзөт. Ар бир салмак категориясы боюнча жеңишке жеткендер 20 миң доллардан, экинчи орун алгандар 10 миң доллардан жана коло медалга ээ болгондор 5 миң доллардан алышат.
2022-жылы Швейцариянын Цюрих шаарында Эл аралык гуштингири федерациясы каттоодон өтүп, расмий сертификат алган.
2023-жылы спорттун бул түрү боюнча алгачкы расмий эл аралык мелдеш — Азиянын чемпионаты өткөн.
Быйыл март айында гуштингири боюнча Душанбе шаарынын башчысынын кубогу уюштурулуп, ага 40 өлкөдөн 200дөн ашык спортчу катышкан. Мелдештер Тажикстандын күрөш федерациясынын эрежелери боюнча өткөн.