Ссылки доступа

Human Rights Foundation Марат Жыланбаевдин ишин БУУга өткөрдү


Human Rights Foundation (HRF) эл аралык укук коргоо уюму казакстандык активист жана белгилүү ультрамарафончу Марат Жыланбаевдин иши боюнча материалдарды Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) өткөрүп берди.

Катталбаган оппозициялык “Алга Казакстан!” партиясынын лидерин куугунтукка алуу боюнча документтер Бириккен Улуттар Уюмунун сөз эркиндиги, тынч чогулуу жана биригүү эркиндиги, соттордун жана адвокаттардын көз карандысыздыгы боюнча атайын баяндамачыларына, ошондой эле негизсиз кармоо боюнча жумушчу топко жөнөтүлгөн.

Укук коргоо уюму 22-августта тараткан билдирүүдө Жыланбаев бир жылдан ашык убакыттан бери темир тор артында отурганын эске салат.

Былтыр ноябрда ал «экстремизмди каржылоо» жана «тыюу салынган уюмга катышуу» деген айыптар менен жети жылга кесилген. Мындай айыптоону ал өзү жана тарапташтары саясий куугунтук деп атап келишет.

Бир катар эл аралык уюмдар казак бийлигинен активистти бошотууну талап кылып келишет. Былтыр декабрь айында Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR) уюму өкүмдү айыптаган, Amnesty International уюму ал «тынч коомдук ишмердиги жана саясий позициясы үчүн гана» камалып отурганын белгилеген. «Акыйкаттык үчүн» Клуни фонду (CFJ) «жалган өкүмдү» жокко чыгарууга чакырган. Жыланбаев тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында да айтылган. Европа Биримдиги аны саясий туткун деп атап, тез арада бошотууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG