Маалым болгондой, акыркы убакта социалдык тармактарда ар кайсы чет мамлекеттердин демөөрчүлүгүндө өзбек балдары окуй турган мектептердин жарнактары тарап жатат. Жарыяларда бул мектептерде чет тилдер, робототехника, диний билимдер, информатика жана дене тарбия сабактары окутулары белгиленген.
«Аталган окуу жайларда диний сабактар Ахль ас-Сунна ишенимине негизделсе да, кээ бир мугалимдер балдарга башка агымды таңуулоосу коомдо идеологиялык карама-каршылыктарды жаратышы мүмкүн. Ушуга таянып, ата-энелерди мектептерде окуган балдарына фанаттык көз караштарды сиңирип алуудан сак болууну суранабыз», — деп айтылат Башкы консулдуктун билдирүүсүндө.
Түркия өзбекстандык эмгек мигранттары үчүн эң ыңгайлуу өлкө катары эсептелет. Qalampir.uz интернет басылмасы 2023-жылы Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугуна шилтеме берип кабарлагандай, Түркияда 300 миңден ашуун өзбек мигранттары бар.