Мекеменин маалыматына караганда, 90 күнгө көмүрдүн эң жогорку баасы коюлуп буйруктун аткарылышын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөйт.
Кара отундун баасын жөнгө салыш үчүн ушундай эле мамлекеттик көзөмөл 2023-жылдын 25-октябрында да киргизилген.
Расмий маалымат боюнча, өлкөдө жылытуу мезгилинде калк 1 млн тоннадан көп көмүр керектейт. Жыл сайын күз-кыш мезгилинде көмүр сатыла турган базалар ачылат. Адамдар өзгөчө кышында кара отундун баасы кымбаттап кетерин айтып, арызданышат.
Кыргызстандагы отузга жакын көмүр кени Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын аймактарында жайгашкан.