Ссылки доступа

Казакстанда катталган дагы бир компания АКШнын санкциясына кабылды


АКШнын Каржы министрлиги Астанада катталган CATU TECH компаниясын Орусиянын Украинадагы аскерий агрессиясына жооп катары киргизилген санкцияларды айланып өтүүдө Москвага жардам бергени үчүн “кара тизмеге”  киргизди.

Ачык булактардагы маалымат боюнча, CATU TECH LLP 2022-жылдын мартында, Орусиянын Украинага толук масштабдуу чабуулу башталгандан бир нече жума өткөндөн кийин Астанада катталган.

Компаниянын сайтында электроника өндүрүү жана жеткирүү негизги иш болуп саналары көрсөтүлгөн.

«Власть» басылмасы кабарлагандай, АКШнын санкциялык тизмесине башка өлкөлөрдө, анын ичинде Орусия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана Кытайда катталган бир нече компаниялар да кирген.

Кошумчалай кетсек, АКШнын Соода министрлиги жүздөн ашуун компанияны санкциялык тизмеге кошкону кабарланууда. Тизмеде түркиялык All Global Trading Elektronik Dis Ticaret Ltd Sti компаниясынын Казакстан менен Кыргызстанда катталган филиалдары бар. Бирок бул боюнча расмий билдирүү 27-августта жарыяланары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG