Бул тууралуу Kun.uz агенттиги АКШнын Ташкенттеги элчиси Жонатан Хениктин сөзүнө таянуу менен билдирди.
«Авиатехника Өзбекстанга берилет. Ооба, бул расмий [чечим]», - деди элчи Өзбекстанга учактарды өткөрүү боюнча суроого жооп берип жатып. Ал ошондой эле тараптар буга чейин тиешелүү биргелешкен программаны ишке ашырып жатканын кошумчалады.
«Бул технология Ооганстанда эмес, АКШда иштелип чыккан. Ооган армиясы аны колдонду, бирок биз америкалыктар анын ээси болуп келгенбиз», - деди элчи Хеник.
Ооган басылмаларынын маалыматы боюнча, 2021-жылдын августунда талибдер бийликке келгенге чейин Ооганстанда 164 согуштук учак болсо, азыр алардын саны – 81. Үч жыл мурун ооган учкучтары учактардын жана тик учактардын бир бөлүгүн Өзбекстан менен Тажикстанга чыгарып кетүүгө жетишкен.
Анда бортунда 585 ооган аскери менен 22 аскердик учак жана 24 тик учак (Embraer EMB 314 Super Tucano, UH-60 Black Hawk, MD-530, PC-12 жана Mi-17) Өзбекстандын аба мейкиндигин кесип өткөн.
“Талибандын” өкүлдөрү бул учактар менен тик учактар Ооганстандын менчиги экенин, кайра кайтарылышы керектигин бир нече жолу билдиришкен. Буга жооп катары расмий Ташкент учак менен тик учактар АКШнын менчиги экенин жана аларды кайтарып берүүгө болбойт турганын айткан. Өзбек расмийлеринин бул сөзүн кийинчерээк америкалык расмий өкүлдөр да ырасташкан.