Өкүмгө ылайык, соттолуучу жаза мөөнөтүн жатак-абакта өтөйт.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Сапаров 4-июлда "жанында документтери жок болгондуктан" кармалган. 6-июлда ал муштуму менен полиция кызматкерин жаакка чаап, качып кетүүгө аракет кылган. Бул учур видеокөзөмөл камерасына түшүп калган.
Соттук-мединалык экспертизанын корутундусунда полиция кызматкеринин "мээси чайкалганы" жазылган.
Сапаров сотто айыптоолорду четке кагып, полиция кызматкерин урбаганын, болгону "түртүп жибергенин" айтты. Ошондой эле укук коргоо кызматкерлери аны мыйзамсыз кармап, күч колдонушканын билдирди. Сот азыр "бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу" иши каралып жатканын айтып, Сапаровго бул боюнча тиешелүү органдарга арыз менен кайрылууну сунуштады.
Айыпталуучунун апасы Шахло Сапарованын айтымында, уулу Ташкенттен Алматыга бара жаткан. Жолдо буту шишип кетип, Чымкент шаарында ооруканага кайрылган.
"Ал тиешелүү медициналык жардам ала албагандан кийин полиция чакырган. Келген кызматкерлер уулумду сабап, изоляторго камак коюшкан. Анын жанында бардык документтери бар болчу", – деди Сапарова.
Чымкент шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынан Сапаров медициналык жардам сурап кайрылганын ырасташты. Бирок ал ооруканада ызы-чуу чыгаргандан кийин дарыгерлер полиция чакырышканын билдиришти.