Тажикстандын Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө өткөн жылга салыштырмалуу быйыл пахта аянты 8,6 миң гектарга көбөйүп, 175 гектарга жеткен.
"Asia-Plus" басылмасы дыйкандар быйыл аба ырайы жакшы болгонун белгилеп, түшүмдүн көлөмү боюнча божомолдор аткарылат деп үмүттөнүп жатканын жазды.
Пахта өстүрүү тажик экономикасынын маанилүү тармактарынын бири. Ал калктын дээрлик 20% иш менен камсыз кылып, өлкөнүн текстил өнөр жайы үчүн маанилүү сырьё булагы болуп эсептелет.
Былтыр түрдүү себептерден улам дыйкандар пахтадан аз түшүм алып калышкан. Жыл башында 430 миң тонна жыйноо божомолдонсо, жыйынтыгында 350 миң гана тонна ак була чогулган.