Тажикстандын "Ховар" агенттиги жолугушуу 22-28-август күндөрү өткөнүн кабарлады.
"Анын жүрүшүндө тажик-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук демаркациялык чийини өткөн жерлерди тактоо боюнча биргелешкен иштер уланды", — деп жазылган билдирүүдө.
Жолугушуу протоколго кол коюу менен аяктады. Жумушчу топтордун кийинки сүйлөшүүлөрү Тажикстанда өтөт.
Чек ара маселеси боюнча тараптардын буга чейинки жолугушуусу быйыл май айында Душанбе шаарында өткөн.
Тажик-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен жумушчу топтордун иши 2019-жылы башталган. Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара сызыгынын жалпы узундугу 1 312 чакырымды түзөт.