Ведомстводон билдиришкендей, өрт тууралуу маалымат ӨКМдин ыкчам башкаруу борборуна түнкү саат 00:35те түшүп, окуя болгон жерге 3 өрт өчүрүүчү бригада, 30 куткаруучу жана “Бурчмулла” токой чарбасынын 20 кызматкери барышкан.
Өрт токой чарбачылыгына караштуу аймакта 1,5 гектар аянтты каптады. Саат 01:50гө карата өрт өчүрүүчүлөр өрттү толугу менен өчүрүүгө жетишкен.
«Кырсыктын кесепетинен курман болгондор жана жабыркагандар жок», — деп айтылат ӨКМнын Ташкент облусу боюнча башкармалыгынын билдирүүсүндө.
Жумушчу топ өрттүн келип чыгуу себептерин жана кесепеттерин аныктоо боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Буга чейин социалдык тармактарда Ташкент облусундагы Бочка дачасында чоң аймак күйүп жатканын көрсөткөн видеолор тараган.