Паралимпиаданын ачылуу аземине Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Эл аралык паралимпиада комитетинин башчысы Эндрю Парсонс катышты.
Le Figaro басылмасы бул жолку оюндарга рекорддук сандагы спортчулар катышарын белгиледи. Маалыматка караганда, 11 күндүк мелдештерге катышуу үчүн Парижге 185 өлкөдөн 4,4 спортчу барды.
Быйыл Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Паралимпиададага төрт спортчу катышып жатат. Пауэрлифтинг боюнча Миргүл Боталиева, жеңил атлетикадан Гүлназ Жүзбаева, триатлондон Айтунук Жоомарт кызы жана дзюдодон Маматибраим Суранов күч сынашат.
Орусиялык спортчулар мелдештерге нейтралдуу макамда катышат.
Быйыл тарыхта биринчи жолу паралимпиадалык оюндарга Тажикстандан бир да спортчу барбай калды.
Өлкөнүн Паралимпиада комитетинин башкы катчысы Абдурауф Алимовдун айтымында, Парижге барууга эң мүмкүнчүлүгү жогору деп эсептелген спорту Шохрух Назаров Тбилисидеги квалификациялык мелдештерде жеңишке жете алган эмес.
Мындан тышкары комитет Эл аралык паралимпиада комитетине кайрылып, көрсөткүчтөрү белгиленген нормадан төмөн болгон беш спортчусун квота боюнча мелдештерге катыштырууну өтүнгөн. Бирок алардын бирине да квота берилген эмес.