"Газета.уз" басылмасынын маалыматына караганда, Казакстан 2032-жылга чейин Рогун ГЭСинен электр энергиясын алуу боюнча Тажикстан менен 2023-жылы меморандумга кол койгон.
Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев Тажикстандын премьер-министринин орун басары Усмонали Усмонзода жана энергетика министринин орун басары Манучехр Сафарзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, электр энергиясын Казакстанга жеткирүүнүн коммерциялык шарттарын жана техникалык жактарын караштырууну макулдашты.
Быйыл январда Саткалиев 2023-жылы Казакстанда электр энергиясын керектөө 112,9 кВт/сааттан 115 млрд кВт/саатка чейин көбөйгөнүн, ошол эле маалда өндүрүү 112,8 млрд кВт/саат бойдон калып жатканын билдирген. Казакстан жетишпеген энергияны Орусиядан алып келет. Буга чейин "Курсив" басылмасы Орусиянын "Интер РАО" ишканасы 2024-жылдын биринчи жарымында Казакстанга 1,6 млрд кВт/саат электр энергиясын экспорттогонун жазган.
3 600 мегаваттык Рогун ГЭСинин курулушу аяктаса, ал Борбор Азиядагы эң ири гидроэлектрстанция болуп калат жана Тажикстандагы электр энергиясынын өндүрүшүн эки эсеге көбөйтүүгө шарт түзөт. ГЭСти куруу долбоору 1974-жылы иштелип чыгып, плотина курулушу 1987-жылы башталган.
Тажикстандагы жарандык согушка байланыштуу курулуш иштери убактылуу токтоп, 2010-жылы улантылган. 120 МВт кубаттуулуктагы биринчи агрегат 2018-жылы ноябрда, экинчи агрегаты 2019-жылы сентябрда ишке берилген. Жалпысынан ар биринин кубаттуулугу 600 МВт түзгөн алты агрегат орнотуу пландалган. Анын акыркысы 2029-жылы ишке берилет деп күтүлүүдө.