Ссылки доступа

Өзбек-ооган чек арасында эл аралык соода борбору ачылды


29-августта Өзбекстандын Ооганстан менен чек арасына жакын жайгашкан Термез шаарында эл аралык соода борборунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Ага Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Ооганстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Абдул Гани Бародар, Азербайжандын вице-премьер-министри Шахин Мустафаев, Кыргызстандын экономика жана соода министринин орун басары Назарбек Малаев, Казакстандын соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төрөбаев жана башкалар катышты.

Борбордун расмий ачылышынан кийин Ооганстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү борбордун иши менен таанышты.

"Термез" эл аралык соода борбору жагымдуу бизнес чөйрө жана логистиканы түзүү, административдик процедураларды жөнөкөйлөтүү жана ишкерлер үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Мындан үч жарым ай мурун Өзбекстандын президенти “Термез” эл аралык соода борборун ачуу боюнча жарлыкка кол койгон.

Документке ылайык, бул борбордон Ооганстандын жана Пакистандын жарандары ижарага орун алса болот. Өзгөчө учурларда чекене соода дүкөндөрүн, кызмат көрсөтүү жана өндүрүшкө арналган имараттарды жана курулуштарды менчикке алуу укугу берилген.

Май айында “Термез” эл аралык соода борборунун эркин соода зонасында төлөм катары АКШ доллары, евро, рубль жана юанды колдонууга уруксат берүүчү процедура киргизилген. Борборго 15 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз кирүүгө мүмкүн.

XS
SM
MD
LG