Ссылки доступа

Душанбеде тажик улуттук күрөшү боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат башталды


30-августта Тажикстандын борбору Душанбе шаарында тажик улуттук күрөшү (гуштингири) боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат башталды. Мелдеш 30 жана 31-августка чейин созулат. Турнирдин символу катары ак илбирс тандалды.

Чемпионатка 63 өлкөдөн 200дөн ашык спортчу катышууда. Мелдеш тогуз салмак категориясы боюнча: үчөө аялдар арасында, алтоо эркектер арасында өткөрүлөт.

Турнирдин жалпы байге фонду 400 миң АКШ долларын түзөт. Ар бир салмак категориясында жеңүүчүлөргө 20 миң доллар, экинчи орунга 10 миң доллар, үчүнчү орунга 5 миң доллар ыйгарылат.

Кошумчалай кетсек, медалдардын саны боюнча алгачкы үч орунду ээлеген командалар 5 миң, 3 миң жана 2 миң АКШ доллары менен сыйланат.

2022-жылы күрөштүн бул түрү эл аралык макам алып, Швейцариянын Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, тажик улуттук күрөшү эл аралык сертификатка ээ болгон.

XS
SM
MD
LG