Ссылки доступа

ТАСС: "Крокустун" беш фигуранты Дагестанда кармалган


“Крокуска” кол салууга шектелген беш адам Дагестанда кармалган.  Тергөөнүн алкагында, алардын камактагы мөөнөтү декабрдын башына чейин узартылган.

Бул тууралуу 29-августта ТАСС агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына таянып билдирди. Бир күн мурун Москванын Басман соту Шахромжон Гадоев, Зубайдулло Исмаилов, Мустаким жана Умеджон Солиев менен Хусейн Хамидовдун камактагы мөөнөтүн узарткан.

Маалыматка караганда, алар терактты уюштургандарды курал менен камсыз кылган деп айыпталууда. Агенттиктин белгилешинче, алардын ичинен үчөө – тажик жараны.

Маалыматтын чын-бышыгы белгисиз. Орус бийлигинин шектенүүлөрүн көз карандысыз булактардын негизинде ырастоо же жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Ошондой эле Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери кармалган тажик жарандары менен жолугуша алар-албасы да беймаалым.

Орусиянын расмий агенттигинин укук коргоо органдарындагы булактары алар ушул жылдын 31-мартында Каспийск жана Дагестандын башка аймактарында атайын операция учурунда кармалганын маалымдашкан. “Алардын бөгөт чарасы алгач Дагестанда каралып, бирок аны узартуу үчүн айыпталуучулар Москвага жеткирилген», — деди агенттиктин маектеши.

22-мартта Москвадагы концерттик залда теракт болгон. Анда камуфляж кийген төрт куралчан туш келди ок чыгарган жана борбор өрттөнгөн. Терактта 144 адам мерт болуп, 500дөн ашууну жаракат алган.

Кол салууну түздөн-түз жасаган деген айып менен тажикстандыктар Далержон Мирзоев, Саидакрам Рачабализода, Фаридуни Шамсидин жана Мухаммадсобир Файзов кармалган.

Кийинчерээк кол салгандардын шериги делген жети киши: бир туугандар Аминчон жана Диловар Исломовдор, алардын атасы Исроил Исломов, ошондой эле Алишер Касимов, Лутфулло Назримада, Якубжони Юсуфзода, Мухаммад Шарипзода кармалып, камакка алынган. 16-апрелде Тверде Ашуров камакка алынган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, ал бир тууган Исломовдордун мыйзамсыз каттоого турушуна көмөктөшкөн.

ФСБнын директору Александр Бортниковдун айтымында, терактка катышкан деген шек менен жалпысынан 20дан ашык адам кармалган. Булар негизинен Тажикстандын жарандары.

Бул окуядан кийин Орусияда борбор азиялык мигранттарга кысым күчөп, текшерүүлөр болуп келет.

XS
SM
MD
LG