Ссылки доступа

БАЭ тажикстандык эркектерге виза берүүнү чектеди


Тажикстанда туристтик компаниялар Бириккен Араб Эмираттары эркектерге туристтик визаларды эки жумадан ашык убакытка бербей жатканын кабарлашууда.

Мындай чечимдин себеби белгисиз. Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги эмне үчүн тажикстандык эркектерди өлкөгө киргизбей жатканын түшүндүрө элек.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги БАЭге кырдаалды тактоо өтүнүчү менен кайрылуу жолдогон.

Бириккен Араб Эмираттары, өзгөчө Дубай шаары акыркы жылдары жүздөгөн тажикстандыктар үчүн жумуш, бизнес жана туризм жайына айланды. Душамбе – Дубай багытына жумасына төрт жолу учак каттайт.

Мурдараак кыргызстандык эркектерге да Бириккен Араб Эмираттарына туристтик виза ачууда көйгөй жаралганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG