Кенчилердин өлүмү тууралуу KAZ Minerals тобу кабарлады.
Алдын ала версия боюнча жумушчулар газга ууланган.
"Окуянын чоо-жайы жана себептери такталууда, каргашалуу окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. KAZ Minerals тобунун директорлор кеңешинин төрагасы Олег Новачук кырсыкты иликтөөгө жеке катышуу үчүн Иртыш кенине барган", — деп айтылат KAZ Minerals тобунун билдирүүсүндө.
Новачук Nova Resources B.V. компаниясы аркылуу KAZ Minerals Ltd компаниясынын 36,5 пайызын көзөмөлдөйт.
KAZ Minerals компаниясынын президенти жана аткаруучу эмес директору 64 жаштагы миллиардер Владимир Ким. Анын байлыгын быйыл америкалык Forbes журналы 3,6 миллиард долларга, ал эми Bloomberg 7,39 миллиард долларга баалаган. Ким KAZ Minerals компаниясынын акцияларынын 63,5 пайызына ээ.
Миллиардер Ким ошондой эле Казакстандын борбордук бөлүгүндө металл рудасын казган “Казакмыс” корпорациясын камтыган Kazakhmys Copper компаниясынын 70 пайыз акциясына ээлик кылат.