Ссылки доступа

Рахмон дүйнөдө "исламофобия күчөгөнүнө" тынчсызданды


Соңку жылдары дин жана ишеним эркиндигин чектөө боюнча бир катар чараларды көргөн Тажикстандын президенти дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө “мусулмандарды жек көрүү күчөгөнүнө”  тынчсыздануусун билдирди.

Душанбе мектептеринин биринде окуу жылынын башталышында сөз сүйлөгөн Рахмон Палестинанын Газа тилкесинде гана бир жылга жетпеген убакытта 45 миңден ашуун адам, анын ичинде 17 миңден ашуун бала набыт болгонун айтты.

«Исламофобия жана мусулмандарды жек көрүүнүн күчөшү, диндер менен конфессиялардын ортосунан ажырымды пайда кылуу аракети адамзатты олуттуу тынчсыздандырган дагы бир коркунуч фактору болуп калды», - деди Рахмон.

Израилдин Газадагы аскердик операциясын баштоосуна ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун 7-октябрдагы чабуулу түрткү болгон. Жоочулар Израилдин конуштарына кирип барып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Он бир айга аяк баскан согушта Газа тилкесинин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, анклавда 40 миңден көп адамдын өмүрү кыйылды. Тилкенин 2,3 миллион калкынын көбү бир нече жолу жер которууга аргасыз болду. Аймакта учурда тамак-аш, дары-дармек жетишпей, гуманитардык кризис курч болуп турат.

Мурдараак Рахмон Тажикстан 1967-жылдагы чек ара аймагында Палестина мамлекетинин түзүлүшүн колдой турганын билдирген. Ал Газа тилкесиндеги жарандык буталарга кол салууларды айыптап, жаатташкан тараптарды сүйлөшүү үстөлүнө отурууга чакырган.

XS
SM
MD
LG