Ссылки доступа

Казакстанда АЭС боюнча референдум 6-октябрда өтөт


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев атомдук электр станциясын куруу боюнча референдумду 6-октябрга белгиледи.

Бул тууралуу ал парламенттеги палаталардын биргелешкен жыйынында билдирди. Токаев өлкөнүн энергияга болгон муктаждыгын канааттандыруу үчүн атомдук энергиянын маанисин баса белгиледи.

«Биз энергиянын ишенимдүү жана экологиялык жактан таза булактарына абдан муктажбыз. Ошондуктан, менимче, атомдук энергетиканы өнүктүрүүгө дыкат көңүл буруу керек», - деди Токаев.

Буга чейин казак өкмөтү референдум боюнча токтомду бекитип, Токаев документке кол кое турганын айткан. Бийлик буга чейин бир нече шаарларда коомдук угууларды өткөргөн. Потенциалдуу курулуш аймагы – Үлкен шаарчасы.

Казакстандын болочок атомдук электр станциясы кубаттуулугу боюнча Өзбекстандын 330 мегаваттык версиясынан бир топ чоң болот деп болжолдонууда.

Август айында Казакстандын президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр институту сурамжылоого катышкандардын “60 пайызга жакыны” референдумга катышууга ниеттенгенин билдирген.

XS
SM
MD
LG