Бул иш боюнча 44 адам жабырлануучу деп табылды, алардын арасында Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандары да бар.
Бул иш боюнча алты полиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. Алар эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен эркиндикте. Аларга “Ырайымсыз, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиле, кыйноо” жана “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул жараяндын катышуучулары, анын ичинде жабырлануучулар жана алардын адвокаттары иштин жүрүшүн ачыкка чыгарбоо келишимине кол коюшту.
28-майда Кошмамбет айылындагы кыйноого байланыштуу Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басары Берик Абилбеков кармалганы тууралуу маалымат тараган. Прокуратура тергөөнүн кызыкчылыгына таянып, иштин чоо-жайын ачыктай элек.
2-сентябрдагы алдын ала соттук отурумда Абилбековдун жактоочусу кардарынын күнөөсү далилденбегенин айтып, жактоочусуна козголгон ишти кыскартууну суранган. Айыпталуучулардын адвокаттары да иштин прокуратурага кайтарылышына каршы чыгышты.
“Эл аралык укуктук демилге” фондунун жетекчиси, укук коргоочу Айна Шорманбаева бул иште Өзбекстандын 23 жаранынын укугун коргоп жатканын билдирген.
Январь айындагы башаламандыкта Казакстандын мамлекеттик телеканалы "тополоңго катышканы үчүн акча алганын мойнуна алган" жигиттин видеосун көрсөткөн. Кийинчерээк ал кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени, полиция аны кыйнап өзүн каралоого мажбурлаганы ачыкка чыккан. Бара-бара бул иш дипломатиялык талашка айланган. Дал ушул окуядан кийин коңшу Казакстандын бийлигинин "Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринен келген террористтер" деген жүйөсү суу кечпей калган.