«Андан колго жасалган бычак алынган. Ал 2006-жылдан бери психоневрологиялык диспансерде каттоодо турганы аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда», — деп айтылат Сарыарка райондук ички иштер бөлүмүнүн билдирүүсүндө.
Полициянын маалыматы боюнча, 36 жаштагы жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
2-сентябрь күнү түштөн кийин социалдык тармактарда Астанадагы мечиттердин биринде тартылган видео тараган.
Кадрлардан колунда бычак кармаган адамды жана анын каршысында атайын полиция кызматкерлери турганын көрүүгө болот.
Күбөлөрдүн айтымында, мечитке бир киши кирип, айрым адамдарды абактан бошотууну талап кылган. Кийинчерээк окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келишкен.
Мындан бир күн мурун, 1-сентябрда Чымкенттин көчөлөрүнүн биринде белгисиз адам патрулдук полиция кызматкерин бычактап кеткен. Кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. 1989-жылы туулган жабырлануучуга жалпы наркоз менен операция жасалганы кабарланган.