Орус бийлиги соттун чечими боюнча комментарий берген жок, бирок аялдын тууганынын айтымында, Мадина "террордук уюмга мүчө болгон" деп айыпталган.
Тажик бийлиги 2022-жылы Бондаренко менен Саидрахмоновду жана алардын төрт баласын Түркиядан Душанбеге алып келип, бир жыл мурун Мадинаны Орусияга өткөрүп берген. 2017-жылдан бери аял издөөдө жүргөн.
Парвиз Саидрахмонов Тажикстанда 2023-жылы 21 жылга эркинен ажыратылган.
Улуту осетин Мадина Бондаренко Абу Довуддан үч бала төрөгөн. Атын атагысы келбеген Мадинанын тууганы “Озоди” радиосуна билдиргендей, аял сотто террордук уюмга мүчө болгон деген айыпты четке кагып, Абу Довуд аны Түркияга, ал жерден Сирияга алдап алып кеткенин айткан. Бирок Парвиз Саидрахмонов Душанбеде орусиялык тергөөчүлөргө сурак берип жатып, жубайы Сирияга барарын биринчи күндөн эле билгенин, анткени 2017-жылы Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөгө атайын эле барганын айткан.
Сот Мадинанын үч баласы тең Орусиянын эмес, Тажикстандын жараны экенин жана алар Душанбеге өткөрүлүп берилгенин билдирди.
Мадинанын апасы көп жылдан бери неберелерин өзүнө алууга аракет жасап, бирок мындан майнап чыкпай келет.