Ссылки доступа

Тажик өкмөтү буудай сатып алууга 4,7 миллион доллар насыя бөлдү

Тажикстандын өкмөтү буудайды сатып алуу жана сактоо үчүн 50 миллион сомони (4,7 миллион АКШ доллары) өлчөмүндө насыя бөлдү.

Өкмөттүн токтому 24-августта бекитилип, анын мазмуну менен “Озоди” радиосу 3-сентябрда таанышты.

Документке ылайык, Материалдык ресурстар агенттигине 50 миллион сомони өлчөмүндө насыя берилет.

Ведомство бул акчага республиканын ичинде буудай сатып алышы керек. Агенттикке насыя бир жылдык мөөнөткө берилген.

Тажикстандын буудайга жана унга болгон муктаждыгынын негизги бөлүгү чет өлкөлөрдөн, өзгөчө Казакстандан камсыздалат.

Расмий статистикага ылайык, быйылкы жылдын биринчи жарымында Тажикстанга дээрлик 464 миң тонна буудай ташып келинген. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу буудай импорту 10 пайызга өскөн.

XS
SM
MD
LG