Партия төрагасы Азат Перуашев билдиргендей, Садыковдун кызмат абалынан кыянат пайдаланганы жана этикалык нормаларды бузганы боюнча бир нече кайрылуу түшкөн.
Перуашевдин билдирүүсүнө ылайык, парламенттин кызматкери Садыков ага бир нече жолу асылганын билдирип, арыз менен кайрылган. Ал WhatsApp мессенжерине келген билдирүүлөрдү далил катары келтирилген.
Анын айтымында, Садыковду депутаттык макамынан ажыратуу чечими куугунтукка кабылган тарапка ар-намысын жана кадыр-баркын коргоого мүмкүндүк берет.
Перуашев мурдагы депутаттын айрым жүрүм-турумуна укук коргоо органдары көңүл бурушу керек деп эсептейт.
"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы окуянын чоо-жайын билүү үчүн Аскар Садыков менен байланышты. "Комментарий жок. Перуашев каалаганын жасасын", - деп жооп берген экс-депутат.
Өткөн аптада Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы парламент мажилисинин депутаты Аскар Садыковду ыйгарым укуктарынан ажыраткан.