Ссылки доступа

Тажикстандын түндүгүндө өз баласын сатууга аракет кылган аял кармалды


Согд облусунун Ашт районунда жаңы төрөлгөн баласын сатмакчы болгон аял кармалды.

34 жаштагы Мукаддас Мададова Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Жашы жете электерди сатуу” беренеси боюнча шектелүүдө.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Ашт районунун Ифтихор айылынын тургуну бир айлык баласын 15 миң сомониге (1400 доллардан ашык) сатууга аракет кылган учурда кармалганын билдирди.

“Озодинин” өз булагынын айтымында, аял төрт жолу турмушка чыгып, беш баланы тарбиялап өстүргөн. Мададова бир баланы асырап алып, экөөнү интернатка берип, кичинекей кызды өзү багып жатат. Ал бешинчи баласы боюнда кезде түгөйү таштап кетип, баланы сатууну чечкен.

Тергөөчүлөр аялды аванс катары 5 миң сомони алып жатканда кармашкан. Учурда тергөө иштери башталды.

XS
SM
MD
LG