Жабыркагандардын баары – Маңгыстау облусуна караштуу Мунайлы районунун Бесшокы айылындагы мектептин 1-4-класстарынын окуучулары. Алар биринчи нөөмөттө окуп, мектептин ашканасында тамактанышкан.
Казакстандын мектептеринде башталгыч класстын окуучулары бекер тамактанышат. Балдар үчүн тамак-ашты жергиликтүү администрация менен мектеп жетекчилиги бирге тандаган подрядчылар даярдашат.
Балдар 6-сентябрда так эмне жегени белгисиз. Lada.kz аткаминерлер өзгөчө кырдаалдын себептерин жана жагдайларын тактап жатканын жазды. Тамак-аш текшерүүгө жөнөтүлдү, жыйынтыгы үч-беш күндүн ичинде чыгары күтүлүүдө.
Мектеп окуучуларынын массалык уулануусуна байланыштуу кылмыш иши козголду.
Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Алназарова окуя боюнча түшүндүрмө берип, кырдаал вевомствонун көзөмөлүндө экенин билдирди.