Ссылки доступа

Казакстанда окуу-машыгуу учурунда жоокер каза болду


Каргашалуу окуя 7-сентябрда Маңгыстау облусундагы “Оймаша” полигонунда болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттары Актау гарнизонунун басма сөз кызматына таянып, жоокер "курал менен иштөө эрежелерин бузгандыгына байланыштуу" мерт болгонун жазышты.

Кылмыш иши козголгонунан башка расмий маалымат жок.

Ал ортодо соцтармактарда каза болгон жоокердин атасынын видео кайрылуусу тарады. Ал уулу өзүн атып алганына ишенбей турганын, ок баласынын бетине тийгенин жана аны офицер атканын айтууда.

"Мен Актау шаарындагы аскер округуна бара жатам. Бул жерде баламды тапанча менен бетке атып кетишти. Азыр кокустук болуптур деп жатышат – офицер тапанча менен ойноп жатып, ал [тапанча] өзүнөн-өзү атылып кеткен экен. Бул жерде эч кандай кокустук жок", - деген ал.

Жоокердин атасы Казакстанын коргоо министри Руслан Жаксылыковго кайрылып, ишти тыкыр иликтеп чыгууну өтүндү.

"Мен жалгыз уулумду аскерге жөнөтүп, бирок сөөгүн алдым", - дейт жоокердин атасы.

Каза болгон жоокер 19 жашта болгон.

Аскердик кызмат учурунда жоокерлердин өлүмү – Казакстанда кадыресе көрүнүш. Расмий маалыматта көбүнчө муну кырсык деп аташат. Каза болгондордун жакындары буга ишенбейт.

XS
SM
MD
LG