Ссылки доступа

Ташкентте студенттерге шылуундардан сак болууну эскертишти


Өзбекстандын жогорку окуу жайларында 9-сентябрдан тарта сабактар ​​башталды. Буга байланыштуу Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы борбор калаага келген студенттерге ижарага турак жай издеп жатканда эмнеге көңүл буруу керектиги боюнча сунуштарын берди.

Башкармалык шылуундар социалдык тармактар, жарнактар жана түрдүү сайттар аркылуу арзан баада ижарага берилүүчү турак жайларды сунуштап жатканын эскертет.

«Эгерде сиз кызыгып калсаңыз, шылуундар суроо-талап жогору экенин айтып, ижара акысын алдын ала төлөөнү талап кылышат. Көңүл бургула! Бардык шылуундар банк картасынын номерин бергенден кийин макулдашылган сумманы которууну суранышат. Бул негизги тузак болуп саналат. Башкача айтканда, акчаны которгондон кийин батирдин ээсин да, акчаңызды да көрбөй каласыз», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы студенттерди кыраакы болууга жана интернеттеги ар кандай жарнактарга ишенбөөгө, батирди көргөнгө чейин акча төлөбөөгө, мүмкүн болсо ижара келишимин түзүүгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

XS
SM
MD
LG