Төмөнкү инстанциядагы соттор да аны бийлик өкүлүн “мазактоо” жана “атайылап жалган маалымат таратуу” үчүн күнөөлүү деп тапкан.
2023-жылдын апрель айында Бостандык райондук соту Мамайды коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салып, алты жылга шарттуу кескен. Мамай жана анын тарапкерлери ага каршы козголгон ишти саясий куугунтук деп эсептешет. Эл аралык укук коргоо уюмдары Астананы Мамайга тагылган айыптарды алып салууга жана аны актоого чакырган.
Казак бийлиги бул чакырыктарга көңүл бурбай, өлкөдө саясий куугунтук жана саясий туткундар жок деп билдирип келет.