Ички иштер министрлиги кол салган адам кармалганын билдирип, бирок анын өздүгү тууралуу маалымат берген жок. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгону маалымдалды.
«Кол салуучунун бейбаштык аракеттеринин натыйжасында С.Абдулкодирзода жеңил жаракат алып, медициналык кароодон өткөндөн кийин үйүнө жөнөтүлгөн», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
Саидмукаррам Абдулкодирзода өзү "Озоди" радиосу менен болгон кыска маегинде: "Кооптонууга негиз жок, ден соолугум жакшы" деди.
61 жаштагы Абдулкодирзода 2010-жылдан бери Тажикстанда фатва чыгарууга укугу бар жалгыз орган болгон Ислам борборунун Уламалар кеңешинин төрагасы болуп иштеп келет.