Бул убакка чейин маал-маалы менен “Достук” өткөрмө бекетинде узун кезек пайда болуп, бул ыңгайсыздык элдин нааразылыгын жаратып келген.
Буга чейин Ошто кыргыз-өзбек чек арасындагы эки өткөрмө бекети ачууга даярдалып жатканы айтылган. Алардын бири - “Ынтымак” учурда оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.
Августтун соңунда кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекетинде узун кезек пайда болгон. Кыргызстандын Чек ара кызматы жайкысын жана сезон учурунда, өзгөчө 10-августтан тартып чек арадан жүргүнчүлөрдүн жана транспорттун өтүүсү көбөйгөнүн билдирген.
Аталган мекеме "Достук" бекетинин бир күндүк өткөрүү мүмкүнчүлүгү 16,5 миң кишиге ылайыкташса, учурда суткасына 18-26 миңдей киши өтүп, бул узун кезекти пайда кылып жатканын белгилеген.
Эки өлкөнүн чек арасында жалпы 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып оңолгонуна жараша бекеттерди ачуу иштери башталды. Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылды. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жандантты.
28-августка карата кыргыз-өзбек чек арасындагы "Маданият", "Баймак" (Жалал-Абад), "Достук" (Ош), "Кызыл-Кыя", "Кадамжай", "Кайтпас", "Ак-Кыя", "Өтүкчү", "Чечме" бекеттери иштеп жатат.
Буга чейин социалдык тармактарда "Достук" өткөрүү бекетинде кезек узарып жатканына байланыштуу видеолор тараган. "Достук автожол" бекети деп аталган бул пункттан жарандар жана транспорттор өткөрүлөт.