Аталган федерацияга бөлүнгөн каражаттан сууда сүзүү боюнча курама командага кирбеген 15 адам Түркияга эс алууга жөнөтүлгөнү, анын ичинде федерациянын башкы катчысынын үй-бүлөсүнөн эки киши болгону айтылды. Бул сапарга 405 миллион сум (39 миң долларга жакын) сарпталган.
Иш жүзүндө аткарылбаган окуу-машыгууларды өткөрүү боюнча жасалма буйруктарга кол коюу менен дагы 458 миллион сум уурдалган.
Мындан тышкары демөөрчүлөр тарабынан эл аралык мелдештерге жана машыгууга бөлүнгөн 1 миллиард 200 миллион сум кымырылган.
Учурда кылмыш иши козголуп, алдын ала тергөө иштери башталды.
2022-жылы Gazeta.uz Сууда сүзүү федерациясындагы 1 миллиард сумдан ашык уурулук тууралуу жазган.