Ишканага 200 айлык эсептик көрсөткүч (738 миң теңгеден бир аз ашык) өлчөмүндө айып салуу чечимин административдик сот 12-сентябрда чыгарган. Токтом мыйзамдуу күчүнө кире элек, компания ага каршы даттанууга укуктуу.
YDD Corporation "кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын ишине тоскоолдук кылган" деп айыпталган. Кеп заводдо өрт чыгып, кырсык катталганда өзгөчө кырдаалдар департаментинин кызматкерлери ичкери дароо киргизилбегин жөнүндө болуп жатат. Бул боюнча иш администртивдик иш козголуп, сотко жөнөтүлгөн.
Буга чейин ӨКМ куткаруучуларга окуя тууралуу дароо кабарланбаганын, окуя болгон жерге дароо киргизилбегенин билдирген.
YDD Corporation окуяны "өзгөчө кырдаал" деп атап, мештен "капысынан" жалын чыкканын билдирген. Эмгек инспекциясы окуянын себептерин жана жагдайларын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн жарыялаган.
Полиция адам өлүмүнө алып келген окуя Кылмыш-жаза кодексинин «Байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген эмгекти коргоо эрежелерин бузуу» деген беренеси менен жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.