Бул маалымат Муратовдун X социалдык түйүндөгү баракчасында жарыяланды. Кабарды активисттин эжеси Фариза Нарбекова тастыктады.
Постто Алматы шаарынын иш менен камсыздоо жана социалдык программалар башкармалыгынын чечиминин скриншоту тиркелген. Анда Муратовдун арызы качкын макамын алуу критерийлерине дал келбей турганы, анын куугунтукка алынбаганы айтылган.
Жаңы эрежелерге ылайык, Муратовду экстрадициядан коргоо токтотулгандан кийин ал дароо Өзбекстанга жөнөтүлүшү мүмкүн. Анын жактоочусу чечимди талашууга ниеттенүүдө. Фариза Нарбекова Казакстандын Башкы прокуратурасы жакынкы күндөрү экстрадициялоо боюнча чечим чыгарышы мүмкүн экенин билдирди.
Чечим 13-сентябрда жарыяланган. Андан бир күн мурун Муратов акыркы эки жылда Өзбекстандын саясий айыбы менен Казакстанда кармалган жетинчи этникалык каракалпак экенин айткан.
Казакстандагы каракалпак диаспорасынын лидери, Өзбекстандын жараны, соңку 10 жылдан бери Казакстанда мыйзамдуу жашап келаткан 35 жаштагы активист Алматыда 15-февралда Өзбекстандын өтүнүчү менен кармалып, эки күндөн кийин 40 суткага камакка алынган. Ал Х социалдык түйүнүндө (мурдагы Twitter) орус жана англис тилдеринде Өзбекстандын Каракалпакстан аймагындагы окуялар, адам укуктарынын бузулушу тууралуу тынымсыз жазып, журналисттер жана эл аралык укук коргоо уюмдары үчүн маанилүү маалыматтарды берип турган.
Өзбекстанда ага «жапырт башаламандыкка чакырган», «коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч келтирүүчү материалдарды жасоо, сактоо, жайылтууга аракет кылган» деген айыптар тагылып, иш козголгон. Бул үчүн ал жалпысынан 18 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.
Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында (КАО) нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы КАО борбор калаасы Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.