Ссылки доступа

Олаф Шольц Кыргызстандагы жумушчу күчүнө кызыкты


Германиянын канцлери Олаф Шольц Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Астанадагы жолугушуусунда немис ишканаларын абдан кызыктырган кыргызстандык мигранттардын маселесине токтолду.

Президенттин администрациясы маалымдагандай, эки лидердин жолугушуусу Казакстандын борбору Астана шаарында, 17-сентябрда болду.

"Шольц эки тараптын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн көптөгөн темалар бар экенин белгилеп, бүгүнкү күндө эң актуалдуу маселелердин бири –немис ишканаларын абдан кызыктырган Кыргызстандан Германияга адистердин миграциясы маселесине токтолду", - деп жазылган маалыматта.

Эки тарап саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Европа Биримдигиндеги биздин маанилүү өнөктөшү - Германия менен достук мамилени жогору баалаарын белгилеп, кыргыз-герман кызматташтыгы өнүгүп жатканына канааттануусун билдирди. Мамлекет башчы Германия менен экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, эки өлкө ортосундагы соода алакасы өсүп жатканына токтолду.

Президент Садыр Жапаров чет элдик инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө багытында да Германия кыргыз тарап үчүн маанилүү өнөктөш болорун, өлкөсүндө германиялык компаниялардын тажрыйбасы жана билими жогору бааланарын белгиледи. Кыргыз тарап германиялык инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, инвесторлордун укуктарын коргоону камсыздоого даярдыгын айтты.

Канцлер Олаф Шольц Кыргызстан менен кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар жана даяр экенин канааттануу менен белгиледи жана эки тараптын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн көптөгөн темалар бар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кыргыз-герман мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүү багытын улантуу боюнча макулдашууга жетишти.

Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда Астана шаарында Германиянын бизнес-делегация өкүлдөрү менен да жолугушту жана бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жардам берерине ишенимин билдирди.

Мамлекет башчы Кыргызстан германиялык бизнес өкүлдөрү менен активдүү диалогго ачык экенин айтып, өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртууга даяр экенин белгиледи.

17-сентябрда Астанада "Борбор Азия - Германия" саммити өтүп жатат.

"Борбор Азия - Германия" саммити алгач 2023-жылы сентябрда Берлинде өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери, түркмөн президентинин атасы, Халк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухаммедов барган.

XS
SM
MD
LG