Шаар акимчилиги коомчулуктун пикирин эске алуу менен медаль күчүн жоготконун билдирди.
Ислам Абишев өзү медалдын жокко чыгарылганы тууралуу маалыматы жок экенин, медаль жана күбөлүк өзүндө экенин билдирди.
30-августта азыркы аким Жакшылык Омар Шаар күнү жана Конституция күнүнүн урматына шаардын өнүгүшүнө салым кошкон адамдарга, анын ичинде Ислам Абишевге сыйлык тапшырган.
Ислам Абишев 2009-2012-жылдары Өскемен шаарынын акими болуп, Айыл чарба министрлигинде да жетекчи кызматтарды аркалаган. 2020-жылы ал пара алууга аракет кылган деп айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылып, 2021-жылы шарттуу түрдө бошотулган.