Ссылки доступа

Мигранттын портрети: Орусияда жашаган мигранттардын басымдуу бөлүгү тажикстандыктар


Орусияда жашаган мигранттардын басымдуу бөлүгү тажикстандыктар экени аныкталды.

РБК басылмасы Росстаттын маалыматына таянуу менен Орусияда жашай баштаган мигранттардын 31% ушул өлкөдөн экенин билдирди. Ведомство мигранттын орто статистикалык социалдык-демографиялык портретин түзгөн.

Андан кийин Кыргызстандын (10%), Украинанын, Армениянын жана Казакстандын (баары 9%) жарандары турат.

Көбүнчө Орусияга көчүп кеткен мигранттар – эркектер (55%). Алардын ичинде эмгекке жарамдуусу (76%), үй-бүлөлүүсү (51,4%), толук орто билимдүүсү (39,4%) бар.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын январь-октябрь айларында 318 миңден ашуун чет элдик, негизинен Тажикстан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Азербайжандан келген мигранттар Орусиянын жарандыгын алышкан.

2020-жылдан бери Орусиянын жарандыгын алууну каалаган тажик жарандарынын саны өскөнү байкалууда. Алсак, 2020-жылы Тажикстандан 63 миңден ашуун адам орус жарандыгын алган болсо, 2021-жылы бул көрсөткүч 103 миңге, 2022-жылы 173 миң адамга жеткен.

XS
SM
MD
LG