Өзбекстандын иш менен камсыз кылуу министри Бехзод Мусаев медайымдардын маянасы айына 2200 евродон болорун билдирди.
Келишимдин алкагында Өзбекстан Германияга жөнөтүлө турган, сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлер үчүн немис тили курстарын уюштурат. Буга чейин 400 медайым Германияга барган, калгандары тил үйрөнүүдө.
Медайымдардан тышкары Германиянын Deutsche Bahn темир жол компаниясына айдоочуларды жана машина куруу, транспорт сыяктуу башка тармактар үчүн адистерди даярдоо пландалууда. Мусаев белгилегендей, келишим 10-30 жылды камтыйт жана бул эки өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ.
Келишимде ошондой эле визалык процедураларды жеңилдетүү жана немис иш берүүчүлөрү менен келишимдерге кол коюу каралган.