Ссылки доступа

Түркстанда аскер кызматкеринин башына ок тийип, ооруканага түштү


Түркстан облусундагы Арыс гарнизонунун аскер бөлүктөрүнүн биринде келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскер  травматикалык куралдан жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү сайттар Чымкент гарнизонунун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал үй-бүлөлүк чырдын улам өз жанын кыюуга аракет кылган.

Маалым болгондой, окуя 16-сентябрда суткалык нөөмөт учурунда болгон. Жабыркаган адам аймактык ооруканага жеткирилген.

«Ага бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Учурда анын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Өмүрүнө коркунуч жок», - деп билдирди ведомство.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG