Ссылки доступа

Январь окуясы: Кошмамбеттеги кыйноо иши боюнча сот уланууда


16-сентябрда Алматы облусунун Карасай райондук соту 2022-жылдын январында Кошмамбет айылындагы атайын абакта казак, өзбек жана кыргыз жарандарын кыйноого алган деп айыпталган полиция кызматкерлерине карата айыптоо корутундусун жарыялады.

Жалпысынан алты киши – полиция кызматкерлери Бауыржан Сопаков, Нурсултан Хамитов, Арман Шойбеков, Берик Абилбеков, Олжас Айдарханов жана Серик Турпанбаев айыпталып жатат.

Аларга “Ырайымсыз же кадыр-баркты басмырлаган мамиле, кыйноо” жана “Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу” беренелери боюнча айып тагылган.

Бул иш боюнча 44 адам жабырлануучу деп табылды, алардын арасында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары да бар.

Айыптоо корутундусуна ылайык, 2022-жылдын 7-январында Алматыдагы тополоңго тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо операциясынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын атайын бөлүгү Алматы-Бишкек жолунда Казакстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын 99 жаранын кармаган. Кийин алардын 98и Кошмамбет айылындагы убактылуу кармоочу жайга камалган. Кармалгандарды расмий түрдө катташкан эмес. СИЗОдо аларды суракка алып, сабашкан.

«[Жабырлануучулардын] ич кийимдерин чечиндирип, жерге көмкөрөсүнөн жаткырышкан. Аларды автоматтын кундагы менен сабашкан. Аларга негизсиз айыптар коюлуп, күнөөсүн мойнуна алдырууга мажбурлашкан», — деп айтылат айыптоо кортундусунда.

Январь айындагы башаламандыкта Казакстандын мамлекеттик телеканалы "тополоңго катышканы үчүн акча алганын мойнуна алган" жигиттин видеосун көрсөткөн. Кийинчерээк ал кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени, полиция аны кыйнап өзүнө каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлаганы ачыкка чыккан.

Чет өлкөлүктөр да кириптер болгон массалык кыйноолор Алматы шаарынан 36 чакырым алыстыкта жайгашкан Кошмамбет айылында катталган.

XS
SM
MD
LG