Документке ылайык, 11 жаштагы кыздар эмделүүгө тийиш, эмдөө 12 жаштан 13 жашка чейинки кыздарга да жүргүзүлөт. Эмдөө ата-энелердин макулдугун алгандан кийин мектептердин медициналык бөлмөсүндө жүргүзүлөт. Эмдөөлөрдү клиникалардан да алса болот.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитети эмдөө үчүн АКШдан келген вакцина колдонуларын билдирди. Ал вирустун бир нече түрүнө каршы иммунитетти камсыздоого жардам берет.
Бул өнөктүк быйыл күздө башталып, буга чейин аймактарда жүздөгөн кыздар эмдөөдөн өткөн. Бийлик эмдөөнүн маанилүүлүгүн белгилейт. Анткени жатын моюнчасынын рагы Казакстанда аялдардын арасында эмчек рагына кийинки экинчи орунда турат жана жыл сайын 900 жаңы учур катталат.