Ссылки доступа

Германия Өзбекстандын жарандары үчүн эмгек визасын берүүнү жеңилдетет


Германия Өзбекстандын жарандарына жумуш визасын берүүнүн жол-жобосун жеңилдетүүнү пландоодо. Бул тууралуу Германиянын ички иштер министри Нэнси Фезер Самаркандда Өзбекстандын иш менен камсыз кылуу министри Бехзод Мусаев менен жолугушууда билдирди.

Фезер Өзбекстандын жарандарын ишке орноштуруу үчүн миграциялык процессти жөнөкөйлөтүү боюнча атайын чаралар иштелип жатканын белгиледи.

Буга чейин Бехзод Мусаев Германияда иштөө үчүн айдоочуларды жана медайымдарды даярдоо боюнча келишим түзүлгөнүн кабарлаган. Программанын алкагында Германияга 800дөн ашык медайым жөнөтүлөт, алардын 400ү иштей баштады жана маянасы 2200 евро болот.

Мусаев Германиянын бийлиги менен жеңилдетилген виза процедуралары талкууланып жатканын жана көптөгөн иш берүүчүлөр менен келишимдер түзүлөрүн баса белгиледи. Ал келишимди «тарыхый» деп атап, өлкөлөр ортосундагы стратегиялык карым-катнаштан улам аны даярдоого бир жыл гана убакыт кеткенин белгиледи.

Ошондой эле Ташкентте «Германиянын медайымдар медициналык академиясы» түзүлүп, анда студенттер кесип жана тил үйрөнө алышат. Мындан тышкары, министрлик Германиянын темир жолдору үчүн адистерди даярдоо боюнча DB Engineering & Consulting компаниясы менен меморандумга кол койду. Өзбекстандын жарандары өз тармагында немис адистеринен билим ала алышат.

XS
SM
MD
LG