Ссылки доступа

Казакстанда Улуттук гвардиянын башкы командачысы алмашты


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ансаган Балтабековду Ички иштер министринин орун басары –  Улуттук гвардиясынын жаңы башкы командачысы кылып дайындады.

Балтабеков буга чейин Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ал бул кызматта 2022-жылдын январь айынан бери иштеп жаткан Эркин Ботакановдун ордуна келди.

Улуттук гвардиянын башчысын алмаштыруу аскер кызматкерлери кириптер болгон соңку окуялардын фонунда болду. Тактап айтканда, кечээ Алматыда аскер кызматкерлеринин бири ок атуу боюнча машыгуудан кийин курал тапшырып жатып жарадар болгону кабарланды. Кызматтык иликтөө башталды. 16-сентябрда Чымкентте келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскер өз жанын кыюуга аракет кылып, башынан жаракат алса, 12-сентябрда Жезказганда коопсуздук чараларын бузгандыктан, офицер бутунан жаракат алган.

Сентябрь айында Мангыстау облусунда аскерге чакырылган жоокерге ок тийип, каза болгон. Бул боюнча взводдун командири кармалган. Атайылап киши өлтүрүү фактысы боюнча прокуратура тергөө иштерин баштады.

Декабрда Улуттук гвардиянын жоокери Ербаян Мухтар Алматыдагы аскер бөлүгүндө белгисиз жагдайда башынан оор жаракат алып, учурда чет өлкөдө дарыланууга муктаж болууда. Ал жарым жыл комада жаткан. Азыр ал өз алдынча тамак иче албайт, сүйлөбөйт.

XS
SM
MD
LG