Көзү азиз эки адам адам үч жылдан бери акчасын жана унаасын кайтарып алууга аракет кылган, бирок андан майнап чыккан эмес. Бул окуя жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялангандан кийин Хожентте, андан соң Исфарада жашырынып жүргөн Камолов кармалды. Ага карата алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул Тажикстанда азиздерге каршы жасалган биринчи алдамчылык фактысы эмес. 2023-жылдын сентябрь айында дагы бир адам көзү азиз адамды картасынан 3 миң сомони чыгарып алган, жабырлануучунун аракетине карабай, ууру табылган эмес.