Ссылки доступа

Өзбекстанда 65 миң долларга бааланган контрафакттык дары-дармек аныкталды


Наманган шаарында дары-дармектерди мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Наманган шаарында жүргүзүлгөн ыкчам рейддин жүрүшүндө 659 түр 220 308 даана каттоодон өтпөгөн жана жалпы баасы 828,1 миллион сумдук (64,7 миң АКШ долларынан ашык) дары-дармек сакталган кампа аныкталды. Уюмдун дары сатууга лицензиясы болгон эмес.

Мекеменин басма сөз кызматы аныкталган препараттар атайын кампага сактоо үчүн өткөрүлүп берилгенин белгиледи.

Бирок республикада сактоого, сатууга, ташууга жана медициналык практикада колдонууга тыюу салынган дары-дармектерди атайын кампада сактоонун максаты кандай экени түшүнүксүз.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

17-сентябрда Хорезм облусунун Үргенч шаарында жергиликтүү тургун дээрлик 3 миллиард сумдук (болжол менен 235 миң АКШ доллары) дары-дармектерди контрабандалык жол менен сатууга аракет кылган. Ал кишиге кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG