Ссылки доступа

Казакстан:"Майкайыңалтында" куткаруучулардын өлүмү боюнча алты киши кармалды


Казакстанда полиция Майкайың айылында төрт куткаруучунун трагедиялуу өлүмүнө байланыштуу алты адамды кармады.

Кармалгандардын арасында ишкананын мурдагы башкы директору жана анын орун басарлары бар. Сот аларды камакка алуу боюнча бөгөт чарасын карап жатат, бирок алар компанияда иштейби же бошотулганбы, белгисиз.

Тергөө бир нече адамдын өлүмүнө алып келген коопсуздук эрежелеринин бузулушу боюнча жүрүп жатат. Буга чейин атайын түзүлгөн комиссия компания шахтада боштук болгонун билгенин, коопсуздук талаптарын сактабай, бул кырсыкка алып келгенин аныктаган. Каза болгондордун жакындары алтын казуучу компанияны да, авариялык-куткаруу кызматты да күнөөлөшүүдө. “Майкайыңалтын” күнөөсүн четке кагып, комиссиянын корутундусун сотто талашууда, бирок алардын арызы канааттандырылган жок.

Быйыл январь айынын башында Павлодар облусунун Баянауыл районундагы “Майкайыңалтын” шахтасынын аймагында куткаруучуларды ташыган автобус чуңкурга түшүп кеткен. Автобустун ичинде үч куткаруучу жана бир айдоочу болгон. Кырсык болгондон кийин эки куткаруучунун сөөгү табылган. Калган экөөнүн сөөгү алты жарым айдан кийин – августта табылган.

XS
SM
MD
LG