Ссылки доступа

Урматтуу өнөктөштөр, кесиптештер жана достор!


centralasian.org
centralasian.org

2024-жылдын 1-октябрынан тартып "Борбор Азия жаңылыктар кызматы" долбоору өз ишин токтоторун эскертебиз.

Биз 9 жыл бою Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Түркмөнстандын жүздөгөн маалымат каражаттары менен жемиштүү кызматташып, күн сайын чөлкөмдөгү гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү эң акыркы жана актуалдуу жаңылыктарды жеткирүүгө аракет кылдык.

Бул жылдар аралыгында биздин уникалдуу долбоор аймактагы көптөгөн ЖМКларды бириктирип, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун бардык кызматтарынан алынган маалыматтар менен сиздердин жаңылыктар лентаңыздарды акысыз толуктоого жардам берип келди.

Биз колдоо жана кызматташтык үчүн бардык өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз!

Биздин ишибиз тууралуу пикир калтырсаңыз кубанычта болобуз!

XS
SM
MD
LG