Ссылки доступа

Казакстанда дагы бир офицер өз жанын кыйганы кабарланды


Абай районунда офицердин сөөгү табылды. Жергиликтүү маалыматка караганда, ал адам 26 жаштагы лейтенант болгон.

Аягөз гарнизонунун басма сөз кызматы билдиргендей, жасат 19-сентябрда, кызматтан тышкаркы убакта, Аягөз гарнизонунун аскер бөлүктөрүнүн бириндеги маркумдун батиринен табылган.

«Алдын ала маалымат боюнча, офицер асынып, өз жанын кыйган», - деп айтылат маалыматта. Анын себептери жана жагдайлары такталууда. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Маркумдун жакындары аскер өзүн өлтүргөнүнө ишенишпейт. Алардын айтымында, 26 жаштагы жигит бул бөлүккө эки жума мурун гана келген.

XS
SM
MD
LG