Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Мукамбетов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим президенттин 28-июндагы пенсияларды индексациялоо жөнүндөгү жарлыгына ылайык кабыл алынган.
«Бул жарлык менен 2008-жылдан тарта ошол кезде актуалдуу болгон электр энергиясы үчүн компенсация төлөө боюнча президенттин жарлыктары 1-октябрдан тарта күчүн жоготту», - деп түшүндүрдү Мукамбетов.
Социалдык фонддун өкүлү бул төлөм пенсиянын өлчөмүнө жараша жүргүзүлгөнүн айтты. Алсак, 2008-жылдан бери пенсиясы 2000 сомдон ашпаган, 2009-жылдан бери пенсиясы 4000 сомдон ашпагандар компенсация алышкан.
«Бул компенсациялардын бардыгы 1-октябрдан баштап толугу менен жокко чыгарылат. Ошондуктан пенсияны кайра эсептөөдө биз алгач пенсиянын өлчөмүнө жараша 200 сомдон 312 сомго чейинки бул компенсацияларды алып салабыз», - деп кошумчалады ал.
Мукамбетовдун айтымында, Кыргызстанда ушул тапта 785 миң пенсионер бар.
1-октябрдан тартып, пенсиянын өлчөмү көбөйтүлүп, эң аз пенсия 6900 сом болот. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-августта кол койгон.
Ага ылайык, Социалдык фондго 2024-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 1-октябрдан тартып 18% көбөйтүп, анын ичинде кеминде миң сом кошуп эсептөө тапшырылган.