Ал көп кабаттуу үйдөн кулап кеткен деп болжолдонууда.
«Бул факты боюнча Медеу райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Анын себеби жана жагдайлары такталууда», - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы жергиликтүү ЖМКларга.
Алдын ала маалыматтар боюнча, курсант өз жанын кыйган.
Жергиликтүү Телеграм- каналдары кызматтык каттын көчүрмөсүн таратып жатышат: анда Батыш Казакстан облусунун тургуну, курсант мурдараак аскер бөлүктөн суранып сыртка чыкканын, бирок убагында кайтып келбегени жазылган.
Акыркы үч жылда казак армиясында 270 аскер каза болгон. Расмий органдар жоокерлер көбүнчө оорудан улам каза болорун, же өз жанын кыйган учурлар да кездешерин айтып келет. Бийлик армияда жапырт чоңсунуу бар экенин четке кагат.